БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Электрондук эсеп фактура (ЭЭФ) менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз (ЭТТК) толук кандуу ишке киргенде гана бизнести жеринен текшерүүлөр (салыктык) токтотулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда салык тармагын реформалоо жөнүндө өткөн брифингге катышты.
© Sputnik / Акбар Акжигитов
"Эгер бизде Электрондук эсеп фактура менен электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз менен иш алып баруу жакшы иштеп кетсе, текшерүүлөрдү жоюп салабыз деп ишенимдүү айта алам. Салыкчылар система аркылуу бардык маалыматты топтоп, товардын жеринде канчага сатып алынып, канчага сатылганын текшерип коё алат. Биз жерине барып документтик текшерүүлөрүн азайта алабыз", — деди биринчи орун басар.