Ош облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду

Жер титирөө Алай районунун айылдарында сезилди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Ош облусунун аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ кабарлады.
Ал Ош облусунун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында 4,5 баллга, Нура жана Эркеч-Там айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.
КРдин Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстандын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө болгон.
Радио
Маматов: жер титирөөдө сактануу эрежелери окутулушу керек