Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Маматов: жер титирөөдө сактануу эрежелери окутулушу керек

© Sputnik / Асель СыдыковаИсхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жаныбек Маматов
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жаныбек Маматов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2023
Жазылуу
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Насирдин Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун директору, физика-математика илимдеринин кандидаты Жаныбек Маматов кыргызстандыктарды жер титирөөдөн сактанууга окутуу зарылдыгын айтты.
2026-жылга чейин жер жүзү боюнча жер титирөөлөр активдешкен маалы болорун сейсмологдор айтып эле келе жатышат. Демек, биз кыргызстандыктарды сейсмологиялык коопсуздуктар боюнча окутуп, үйрөтүшүбүз керек. Мындай пикирин Жаныбек Маматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маматов: жер титирөөдө сактануу эрежелери окутулушу керек
Анын айтымында, учурда элдин зилзалага туруштук бере турган курулуштарды куруу, жер титирөө учурунда өзүн-өзү алып жүрүү боюнча билими төмөн.
"2000-жылдары ӨКМ өлкөнүн Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустары боюнча жер титирөө учурунда өзүн-өзү алып жүрүү, сапаттуу курулуштарды куруу тууралуу калкты маалымдоо максатында республикалык деңгээлдеги чоң семинарларды уюштурган эле. Мына ушундай маалыматтык кампаниялар учурда жетишсиз болууда. Чакан, кандайдыр бир тар чөйрөгө багытталган окутуулар өтүп жаткандыр, бирок жалпы элдин бул боюнча билими төмөндөп кетти. Колуна күрөк алгандын баары эле куруучу. Биз сейсмикалык кооптуу аймакта жашайбыз. Окумуштуулар да 2026-жылга чейин жер титирөөлөр бүткүл планета боюнча активдүү болорун кулак кагыш кылышкан. Андыктан бизде да бекем үйлөрдүн курулушуна талаптар күчөтүлүп, жалпы эл бул багытта билимин өркүндөтүшү керек", — деди Маматов.
Окумуштуу эл каражаттын жетишсиздигинен эмес билимдин аздыгынан зилзалага туруштук бере албаган үйлөрдү куруп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0