Бишкекте коомдук транспортто буюм жоголсо кайда чалуу керек? Телефондор

Тиркеме аркылуу сиз унутулган же табылган буюмду деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, жоготкон убакытты көрсөтүшүңүз зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Транспорт жана жол инфраструктура башкармалыгында табылгалар бюросу ачылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалым болгондой, ал жерге коомдук транспортто буюмдарын жоготуп же таап алган жарандар кайрылышат.
"Эгер сиз коомдук транспортто бир нерсени жоготуп же таап алсаңыз, анда тигил же бул маршрутту издөөнүн кажети жок. Болгону бюро менен байланышып, өтүнүч калтырыңыз. Тиркемеде сиз унутулган же табылган буюмду деталдуу сүрөттөп, маршруттун номерин, жоготкон убакытты көрсөтүшүңүз керек", — деп айтылат билдирүүдө.
Төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: 7-Апрель көчөсү, 4а же WhatsApp номерлери: (0502) 20-52-02 (кичи автобустарда), (0990) 30-60-76 (троллейбустарда), (0700) 46-56-60 (автобустарда).
Мэрия автобус айдоочуларын жумушка чакырат. Талаптары