Афганстандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер. Сүрөт түрмөк

Мындан 34 жыл мурун Афганстандан советтик 40-армия толугу менен чыгып кеткен. 9 жылдан ашык созулган согушка он миңден ашуун кыргызстандык аскер аттанган.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык жоокерлердин Афганстанда аскердик кызматын өтөп жүргөн учурундагы ирмемдерди сунуштайт.
Афган согушунун келип чыгуу себептери менен Sputnik агенттигинин материалынан таанышууга болот.
1 / 15

860-өзүнчө мотоаткычтар полктун жоокерлери Түндүк Афганстандын Бадахшан аймагына кирип жаткан учуру. 1980-жыл, январь.

2 / 15

860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун аскерлери курман болгон куралдаштарын акыркы сапарга узатууда. Түндүк Афганстан, Бадахшан аймагы, 1980-жылдын жай айлары.

3 / 15

Октон жасалган жетон. Бул жетондогу кагазга каза болгон жоокер жөнүндө маалымат жана анын жакындарынын дареги жазылчу. Жетондун жасалганына 30 жылдан ашты.

4 / 15

181-мотоаткычтар полкунун сержанты Мидин Жээналиев (2-катарда сол жактан биринчи) куралдаштары менен. Кабул шаары. 1981-жыл, май айы.

5 / 15

060-артиллериялык полктун кыргызстандык жоокерлери. Шинданд уезди, Герат чөлкөмү, Түндүк Афганстан. 1982-жыл, жай.

6 / 15

Экинчи мусулман батальонунун аскери Бахтияр Садыров куралдашы менен. Түндүк Афганстан, Панжшер капчыгайы. 1982-жыл, күз айы.

7 / 15

МИ-8 тик учактарынын эскадрильясынын ага учкучу, капитан Сайфутдин Азизов (оң жакта) полктошу капитан Сергей Ржаных менен эс алып жаткан учуру. Кандагар шаары, Түштүк Афганстан. 1986-жыл.

8 / 15

Экинчи мусулман батальонунун кыргызстандык жоокерлери Александр Дмитриев (1-катарда оң жактан биринчи), Сергей Якиманский (1-катарда оң тараптан экинчи) полктоштору менен. Түндүк Афганстан, Панжшер капчыгайы. 1982-жыл, күз.

9 / 15

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун лейтананты, экинчи мотоаткычтар батальонунун экинчи миномет взводунун командири Таалайбек Темиралиев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганстан. 1988-жыл, июнь.

10 / 15

Чыгыш округундагы ыкчам тайпанын офицерлери жергиликтүү калк менен жолугуп жаткан учуру. Түндүк Афганстан, Бадахшан аймагы, Гүлхана кыштагы. 1983-жыл, жай.

11 / 15

501-өзүнчө оор батальондун жоокери Момун Метимбаев. Пули-Хумри шаары, Баглан чөлкөмү, Түндүк Афганстан. 1987-жыл, март.

12 / 15

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун аскери Кенжебек Бокоев. Кундуз аймагы, Түндүк Афганстан, 1986-жыл.

13 / 15

149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танк батальонунун командири Виталий Босенко куралдашы лейтенант Виктор Марковскийдин мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учуру. Ысык-Ата району, Люксембург кыштагы. 1988-жыл, 7-декабрь.

14 / 15

№33860 аскердик бөлүктүн командири, подполковник Болот Мамбеталиев (биринчи катарда ортодо). Кабул. 1988-жыл, жаз айы.

15 / 15

5-гвардиялык дивизиянын 371-гвардиялык мотоаткычтар полкунун ага лейтенанты Орозбай Колубаев куралдашы менен. Гиришк калаасы. Гильменд чөлкөмү, Түштүк-Батыш Афганстан. 1988-жыл, декабрь.