Афганстандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер. Сүрөт түрмөк
Афганстандагы согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер. Сүрөт түрмөк
Sputnik Кыргызстан
Мындан 34 жыл мурун Афганстандан советтик 40-армия толугу менен чыгып кеткен. 9 жылдан ашык созулган согушка он миңден ашуун кыргызстандык аскер аттанган. 23.02.2023, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык жоокерлердин Афганстанда аскердик кызматын өтөп жүргөн учурундагы ирмемдерди сунуштайт.Афган согушунун келип чыгуу себептери менен Sputnik агенттигинин материалынан таанышууга болот.
Мындан 34 жыл мурун Афганстандан советтик 40-армия толугу менен чыгып кеткен. 9 жылдан ашык созулган согушка он миңден ашуун кыргызстандык аскер аттанган.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Алмаз Батилов кыргызстандык жоокерлердин Афганстанда аскердик кызматын өтөп жүргөн учурундагы ирмемдерди сунуштайт.
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун аскерлери курман болгон куралдаштарын акыркы сапарга узатууда. Түндүк Афганстан, Бадахшан аймагы, 1980-жылдын жай айлары.
Октон жасалган жетон. Бул жетондогу кагазга каза болгон жоокер жөнүндө маалымат жана анын жакындарынын дареги жазылчу. Жетондун жасалганына 30 жылдан ашты.
МИ-8 тик учактарынын эскадрильясынын ага учкучу, капитан Сайфутдин Азизов (оң жакта) полктошу капитан Сергей Ржаных менен эс алып жаткан учуру. Кандагар шаары, Түштүк Афганстан. 1986-жыл.
Экинчи мусулман батальонунун кыргызстандык жоокерлери Александр Дмитриев (1-катарда оң жактан биринчи), Сергей Якиманский (1-катарда оң тараптан экинчи) полктоштору менен. Түндүк Афганстан, Панжшер капчыгайы. 1982-жыл, күз.
Чыгыш округундагы ыкчам тайпанын офицерлери жергиликтүү калк менен жолугуп жаткан учуру. Түндүк Афганстан, Бадахшан аймагы, Гүлхана кыштагы. 1983-жыл, жай.
149-гвардиялык мотоаткычтар полкунун танк батальонунун командири Виталий Босенко куралдашы лейтенант Виктор Марковскийдин мүрзөсүнө зыярат кылып жаткан учуру. Ысык-Ата району, Люксембург кыштагы. 1988-жыл, 7-декабрь.