Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Макрон Россияны кыйратуу идеясын Франция эч качан жактабай турганын айтты

ЖМКлар Макрон НАТО жана Европа биримдигине кирген өлкөлөрдү "байкоочу" атап, алар Россиянын кыйрашын каалайт деп билдиргенин жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. – Sputnik. Франция эч качан Россиянын кыйрашын каалаган эмес жана чыгыш европалык мамлекеттерден айырмаланып бул позицияны эч качан колдобойт. Мындай пикирин Франция башчысы Эммануэль Макрон айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
Ал Франция Украинага аскердик жардам көрсөткөнүнө карабай бул чыр тынчтык жолу менен аяктайт деген пикирде.
"Мен башкалар өңдөнүп Россияны биротоло бүлүндүрүп, аймагына чабуул жасоо керек деп ойлобойм. Бул байкоочулар баарынан мурда Россиянын кыйрашын каалашат. Франция эч качан мындай пикирде болгон эмес, болбойт дагы", — деген ал.
ЖМКлар Макрон "байкоочулар" деп НАТО жана Европа биримдигине кирген Чыгыш Европа өлкөлөрүн айтканын белгилешкен. Ал өлкөлөргө Макрондун "Россияны жок кылууга болбойт" деген сөзү жаккан эмес.
Франция лидери бул жолу да тараптар сүйлөшүү жүргүзүшү керек деген оюн билдирген. Анын пикиринде, союздаштар аскер жөнөтпөсө Украинанын чек арасын өз алдынча кайтарып алууга күчү жетпейт.
"Украина дагы, Россия дагы толугу менен жеңишке жетпейт", — деген Макрон. Ошол эле учурда ал Украинадагы согушту создуктуруудан европалыктар жапа чегип жатканын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Макрон Украинага азырынча истребителдердин кереги жок экенин айтты