БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Россия менен узак жылдарга созулушу мүмкүн болгон тирешүүгө даярдануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
“Биз көптөгөн жылдарга созулушу мүмкүн болгон узак жолго даяр болушубуз керек”, — деген Столтенберг.
Бирок ал кырдаал заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн экендигин айтып, божомолдонгон тирешүү канча убакытка созуларын азырынча айта албастыгын кошумчалаган.
“НАТО ар дайым мамилелерди жакшыртуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү издейт”, — деди ал.
Россия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп келет. Өлкө президенти Владимир Путин анын башкы максаты "сегиз жылдан бери Киев режиминин кыйноосуна, кыргынына кабылган элди коргоо" экенин белгилеген. Анын айтымында, операция Донбасстын бошотулушу жана Россиянын коопсуздугун кепилдеген шарттарды түзүү менен аякташы керек.
Бирок АКШ менен анын НАТО боюнча союздаштары ошондон бери Киевге 10 миллиарддаган долларлык курал жеткирүүдө. Россия Батыш тараптын Украинаны куралдандыруусу орус-украин сүйлөшүүлөрүнүн ийгиликтүү болушуна өбөлгө боло албашын жана мындан негативдүү жыйынтык чыгышы мүмкүн экендигин, Украинага берилген ар бир курал Россия үчүн мыйзамдуу бута болорун айтып келет.