БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Ош облусундагы “Кара-Суу” базарынын айланасындагы чуулуу маселени көтөрүштү.
Эл өкүлү Балбак Түлөбаев аталган базардагы беш гектар жерди мамлекет алып, кайра бир фирмага берип койгонун айтты.
"Ошол фирманын ээси ким? Эмне үчүн мамлекет алгандан кийин өзү иштетпейт. Анысы аз келгенсип, жанындагы жети гектар жерди алып, элди какшатып, кызыл китебин да урган жок. Ошол жерде бир фамилия бар экен, аны бул жерден айтпай эле коёюн. Базарда өтүп баратып ит каап алса да "бул итти токтоткула" деп Бишкекке чалат экен. Эртең анын баары мыйзам алдында жооп берет. Бишкектеги үлкөн адамдардын атын айтып жатыптыр. Мындай башаламандык болбойт, биз буга жол бербейбиз. Ошон үчүн "кысчу жерин кысып" ансыз да араң турган элдин канын ичпей, мыйзам чегинде ишин алып барсын. Жанагы беш гектар жерин мамлекетке берсин, өзүнүн энесине каттатып койбой. Бирөөнүн мүлкүн тартып алган болбойт, азыркы бийликте мүмкүн эмес", — деди Түлөбаев.
Ошондой эле депутат ал жердеги эл "жарылайын" деп калганын, мунун айланасында чатак чыгат деп үч-төрт айдан бери айтып жатышса да өкмөт укпай жатканын кошумчалады.
Ал эми Адахан Мадумаров элдин жер тилкесин тартып алуу боюнча иш бүгүн Жогорку Сотто караларын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.
"Кара-Суу” базары, кызыл китеби бар жүздөгөн ишкерлер, бүгүн Жогорку Сотто чечим кабыл алынат. Ушуну карап коюңуз, башаламан болуп жатат. Конституция тебеленүүдө, себеби кызыл китеби бар жарандардын менчиги кол тийбес болуп саналат", — деди Мадумаров.
Аны менен катар эл өкүлү “Кара-Суу” базарынын айланасындагы чуу боюнча ишкерлерден том-том кат келип жатканын белгиледи.