16-февралга карата аба ырайы

16-февралга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Талас жергесинде +2...+7, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6, ал эми Нарында -3...+2 градус болору айтылды.
Бул күнү Бишкек менен Ошто жамгыр, кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада жана Ошто +6...+8 градус жылыйт.
Күн ысыйбы? Март айына карата аба ырайы