Радио

Молдодосов: Кыргызстан оор атлетика боюнча күчтүү мектеп түптөй алды

Оор атлетика боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген машыктыруучусу, улуттук команданын улук машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов өкмөт көбүрөөк акча бөлүп, эл аралык мелдештерге жиберүүгө убадасын берген.
Sputnik
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы учурда Олимпиадага кызуу даярданууда. Париждеги ири мелдеште бир медаль алууну пландап жатабыз. Бул тууралуу Өмүржан Молдодосов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, окуу-машыгууларды өткөрүүгө өкмөт буга чейинки жылдарга салыштырмалуу көп каражат бөлүп, бардык эл аралык мелдештерге жиберүүгө убадасын берген.
"Оор атлетика боюнча Кыргызстандын курама командасы учурда Олимпиадага кызуу даярдык көрүп жатат. 2024-жылы Парижде өтө турган мелдешке лицензия утуу үчүн алты мелдешке катышып, упай топтоо зарыл. Былтыр Колумбияда өткөн дүйнө чемпионатына Бекдөөлөт Расулбеков, Эмил Молдодосов катышты. Эми алдыда дагы беш лицензиялык турнир бар. Мисалы, Кореяда Азия чемпионаты, сентябрда Сауд Арабиясында дүйнө биринчилиги болот. Акыркы мелдештерде биздин спортчулар байгелүү кайтып, жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Биз дүйнөдө атаандаштык жарата турган күчтүү мектеп түзө алдык. Өкмөт да окуу-машыгууларды өткөрүүгө көп каражат бөлүүдө", — деди Молдодосов.
Ошондой эле адис машыгып жаткан спортчуларды допинг көзөмөлдөн катуу текшерип жатышканын кошумчалады.