Байдендин аялынын башка киши менен өбүшкөнү Америка коомчулугун таңдантты. Видео

Коомчулукту нааразы кылган окуя Ак үй башчысы Жозеф Байден Конгресске кайрылар алдында болгон.
Sputnik
АКШнын биринчи айымы Жилл Байдендин вице-президент Камала Харристин күйөөсү Дуглас Эмхофф менен иш-чарада өбүшкөнү Twitter тармагында кызыл чеке талаш жаратты.
Жергиликтүү саясатчылар менен карапайым америкалыктар АКШ лидеринин жубайынын "орунсуз кылыгын" катуу сынга алды.
"Мындайды көрөм деп күткөм эмесмин", — деген бизнесмен Коллин Раг.
"О, кудай! Эмне болуп жатат?!" — деп суроо салган республикалык партиянын мүчөсү Жессика Альма.
"Президенттин аялы жасай турган нерсе эмес! Салабаттуулук деген кайда", — деп жазган жөнөкөй жаран Пэтти Аллен.
"Унуткуң келген нерсе", — деген дагы бири.
Коомчулуктун нааразылыгын жараткан окуя Ак үй башчысы Жозеф Байден Конгресске кайрылар алдында болгон.
Былтыр ноябрь айында америкалык лидер аялын АКШнын түпкү элинин өкүлдөрүнөн кызгангандыгын мойнуна алган. Анын айтымына караганда, Жилл күйөөсүнө караганда аларга көбүрөөк көңүл бурат.
Тема боюнча:
"Кол булгала!". Коштошпой кетип бараткан Байденге аялы жардамга келди. Видео