БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Түркиянын коргоо министри Акар Хулуси Стокгольмдо Куран өрттөлгөндөн кийин Швецияны НАТОго мүчөлүккө вето коюу тууралуу эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Эгер иш ушундай болсо, биздин аларга карата мамилебиз кандай болору ачык жана так болот", — деди Хулуси.
Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөдү. ЖКМлар ал бул аракетине Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан.
Бул акция Кувейт, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары жана Индонезия сымал бир катар өлкөлөрдө да нааразычылык жаратты.
Саясатчы мындан ары да аракеттерин улантарын айткан.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.
Швеция менен Финляндия 2022-жылдын 18-майында Украинадагы окуялардан улам аскердик блокко кошулууну чечишкен. Алардын арыздарын Венгрия менен Түркиядан башка альянстын 30 өлкөсүнүн 28и буга чейин жактырган.
Анкара Стокгольм менен Хельсинкиден Күрдстан жумушчу партиясын колдоону токтотууну жана Түркияда террорчулукка тиешеси бар деп эсептелген активисттерди экстрадициялоону талап кылууда. Түрк бийлиги бул убадалар аткарылмайынча түндүк өлкөлөрүн НАТОго кабыл алууда жылыш болбойт деп бир нече жолу билдирген.