БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Бүгүн, 10-январда, күндүн сууктаганына байланыштуу "Сосновка" постунда жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖКККББ билдирди.
Жол инспекторлору өтө зарыл болбосо жолго чыкпай турууну сунуштаган.
Эске салсак, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкө аймагында 10-январдан тарта катуу суук болорун билдирген. Алсак, Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы -25 градус болору айтылды. Тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт. Бул күндөрү түштүк региондордо термометр -17 градусту көрсөтөт.