Өзбекстанда катуу суукка байланыштуу окуучулардын каникулу узартылды

Коңшу өлкөдө абанын температурасы -27 градуска чейин төмөндөй турганы болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Өзбекстандын бийлиги өлкөдө катуу суук болору күтүлүп жаткандыктан окуучулардын каникулун узартты. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, балдардын эс алуусу бир жумага узарып, эми 18-январдан тарта мектепке бара турган болушту. Негизи план боюнча 11-январда үчүнчү чейрек башталмак.
Адистер кийинки жумада чилде күчүнө кире турганын эскертүүдө. Коңшу өлкөнүн кээ бир аймактарында кар жаап, -27 градуска чейин суук болору болжолдонууда.
Кыргызстанда дагы алдыдагы аптада аяз күчүнө кирери айтылууда.
Кыргызстанда кийинки жумада аяз күчүнө кирип, 20 градуска чейин суук болот