Кыргызстанда кийинки жумада аяз күчүнө кирип, 20 градуска чейин суук болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте кар жааганда киши көчөдө баратат. Архив
Бишкекте кар жааганда киши көчөдө баратат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Жазылуу
Тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги кийинки жумада катуу суук болорун эскертти.
Өлкөнүн бардык аймактарында 10-январдан тарта аяз күчүнө кирип, кар жаайт.
Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-январда түнкүсүн 20 градуска чейин суук болот. Ал эми тоолуу Нарында абанын температурасы -28 градуска дейре төмөндөйт. Бул күндөрү түштүк региондордо термометр -17 градусту көрсөтөт.
Кыргызгидромет жолдорго күрткү туруп, андан сырткары тайгалак болорун, мезгил-мезгили менен катуу шамал жүрөрүн кошумчалады.
Кар бороонунда кыз көчөдө бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2023
Кийинки жумада суук түшөт. Төрөбаев энергетиктерге тапшырма берди
Жаңылыктар түрмөгү
0