БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Украина президенти Владимир Зеленский АКШ конгрессинин эки палатасынын биргелешкен сессиясында сүйлөп, Вашингтондун Киевге финансылык жардам бөлүү маселесин козгойт. Бул тууралуу америкалык конгрессмендердин бирине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Федералдык бюджеттин алкагында 45 миллиард доллар бөлүүгө макулдатуу аракети болот. Биргелешкен сессия шаршембиге белгиленген", — деген маектеш.
Ал эми CNN телеканалы өз маалымат булактарына таянып Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусу ыктымал экенин жазды. Каналдын айтымында, ушу тапта маселе каралып жатат.
Азырынча маалыматтарды АКШ администрациясы тастыктай да, төгүндөй да элек.