Путин өзөктүк триаданы өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Россия согушка даяр турууну жана өзөктүк триаданы өркүндөтүүнү колдойт, бул — РФтин эгемендүүлүгүнүн башкы кепилдиги. Бул туурасында Россия президенти Владимир Путин РФтин Коргоо министрлигинин кеңейтилген, жылды жыйынтыктаган жыйында айтканын РИА Новости жазды.
"Согушка даяр турууну жана өзөктүк триаданын дайым даяр болуусун өркүндөтүүнү колдойбуз. Бул — мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн сактоочу, стратегиялык паритеттин, жалпысынан алганда дүйнөдөгү теңдештиктин башкы кепилдиги", — деген Путин.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин: Россиянын Украинага өзөктүк курал колдонуу ниети жок