Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Путин: атайын операцияда жүргөн аскерлердин баарын баатыр деп эсептейм

Өлкө башчы аскерлердин азыркы эмгектери эч качан унутулбай турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин учурда атайын аскердик операция жүрүп жаткан аймактагылардын баарын баатыр деп атады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал бүгүн Кремлде бир катар кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшырган.
“Атайын операция зонасында эң оор, жооптуу жана кооптуу тапшырмаларды чечүүнүн сап башында, албетте, биздин аскерлер турат. Мен чын дилимден алардын баарын баатыр деп эсептейм. Албетте, биз бул жерде баарын куттуктай албайбыз. Азыр сыйлык ала турчу жана ала элек, бирок ага татыктуу балдар жаныбызда жок, арабыздан кетип калышты. Бирок алар эч качан унутулбайт”, — деди Путин.
Ошондой эле Россия лидери башкаларга, анын ичинде аскерлерге жардам берип жаткан жай тургундардын эмгегин дагы белгилеп өттү.
Атайын операция боюнча мыкты репортаждар — RT сыйлыгынын жеңүүчүлөрү тандалды