00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атайын операция боюнча мыкты репортаждар — RT сыйлыгынын жеңүүчүлөрү тандалды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЭл аралык Халед аль-Хатыб атындагы сыйлыгы. Архивдик сүрөт
Эл аралык Халед аль-Хатыб атындагы сыйлыгы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2022
Жазылуу
Телеканал бул сыйлыкты RT Arabic менен кызматташкан 25 жаштагы журналист Халед аль-Хатыбдын элесине арнап негиздеген.
БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Жаңжал болгон аймактан мыкты эмгек жараткан журналисттерге ыйгарылчу эл аралык Халед аль-Хатыб атындагы быйылкы сыйлыктын ээлери аныкталгандыгын RT телеканалынын маалымат кызматы билдирди. Бул жылы сыйлык Россиянын Украинада жүргүзгөн атайын операциясы тууралуу эмгектерге берилген.
"Известия", "Комсомольская правда", ТОК жана РИА Новостинин аскердик кабарчылары жеңүүчү болуп аныкталышты.
Валентин Трушкиндин ("Известия" гезити/ РЕН ТВ телеканалы) "Монастырдагы тозок жана бейиш" аттуу репортажы "Жаңжал аймагынан мыкты эмгек (видео)" номинациясына татыды. Репортаж украин аскерлеринин тынбай аткылоосуна карабай Никольскидегидеги (ДЭР) Ыйык Успенск Николо-Васильев монастырынан жай тургундарды эвакуациялоого арналган. Журналисттер артиллериялык соккудан чыккан кара түтүн менен кыйроолорду көрсөтүшкөн.
Журналист Александр Коцтун ("Комсомольская правда") "Киев алдындагы салгылашуу: гостомелдик баатырлар" аттуу эмгеги да "Жаңжал аймагынан эң мыкты эмгек (текст)" номинациясында жеңүүчү болду. Журналист Киев облусундагы аэродромго келип, бир ай бою ок астында коргонгон десантчыларга барган.
Регина Орехова (TOK студиясы, RT медиа тобу) "Тынчтык" даректүү тасмасы менен "Эң мыкты эмгек: гуманитардык миссия (видео)" номинациясын жеңип алды. Чыгармада өлүмгө, ачкачылыкка жана жокчулукка кабылган, бирок кайратын жоготпогон Мариуполдун тургундары жөнүндө баяндалат. Тасмадагы каармандардын бири Михаил Мариуполго өзүнүн колуктусун табуу үчүн келген. Жубайлардын байланышы согуштук аракеттер башталгандан кийин үзүлгөн.
"Эң мыкты эмгек: гуманитардык миссия (текст)" номинациясында Мария Марикян (РИА Новости) "Алар кайтып келиши мүмкүн" эмгеги менен жеңип алды. Репортаж Украинанын коопсуздук күчтөрүнүн чегинүү учурунда катуу аткылоосуна дуушар болгон ЛЭРдин Попасная шаарында тартылган. Бул жердеги үйлөрдүн көбү талкаланган. Бирок Попаснаяда туулуп-өскөн шаарынан кете элек ондогон адам калып, кантип аман калганын айтып беришет.
Сыйлыктын калыстар тобуна ВГТРКнын аскердик кабарчылары Евгений Поддубный, Антон Степаненко жана Александр Лукьянов, "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору, РФ президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Вышинский кирди. Эмгектерге ошондой эле RT агенттигинин аскердик кабарчылары Валентин Горшенин, Мурад Газдиев, Саргон Хадайя, Семён Сендеров, араб журналисти Салам Мусафир жана Балкандын башкы редактору Елена Милинчич баа беришти.
Биринчи жылы сыйлыктар Ирак, Ирландия жана Сингапурдан келген катышуучуларга берилди. 2019-жылы Россия, АКШ, Италия жана Индиянын өкүлдөрү лауреат болушкан. 2020-жылы сыйлыкты Россиянын, Сириянын жана Индиянын аскер кабарчылары алышкан. 2021-жылдагы сыйлыктын ээлери Россия, АКШ жана Йемендеги аскер кабарчылары болгон.
RT каналы бул сыйлыкты RT Arabic менен кызматташкан 25 жаштагы журналист Халед аль-Хатыбдын элесине арнап негиздеген. Ал 2017-жылы Сириянын Хомс провинциясында согушкерлердин ракеталык чабуулунан набыт болгон. Халед өзүнүн баяндамаларында Сириянын өкмөттүк күчтөрү менен террорчулардын ортосундагы салгылашууларды чагылдырган. 2018-жылы Россиянын президенти Владимир Путин Халед аль-Хатыбды каза болгондон кийин Эрдик медалы менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Медаль анын үй-бүлөсүнө тапшырылган.
Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Путин Украинадагы атайын операцияларга катышкан аскерлердин сунуштарын укту
Жаңылыктар түрмөгү
0