Кайра суук түшпөйбү? 24-декабрга чейинки Кыргызстандагы аба ырайы

Келе жаткан жумада аба ырайы кескин өзгөрбөйт, орто ченинде бир күн кар жаашы болжолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги келерки жумада Кыргызстанда кандай аба ырайы боло турганын билдирди.

Чүй облусу

18-21-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жекшембиде айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 22-декабрда кар жаашы күтүлөт. 23-24-декабрда кайрадан күн ачылат.

Талас облусу

18-20-декабрь күндөрү жаан-чачын болбойт. Жекшембиде айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. 21-декабрда кечке чукул айрым жерлерде кар жаайт. 22-декабрда күн кайра ачылып, 24-декабрга чейин өзгөрбөйт.

Ош облусу

18-20-декабрда күн ачык болот. Жекшембиде туман түшүшү мүмкүн. 21-декабрда айрым жерлерде кар жаайт. Жаан-чачын 23-декабрда басылып, апта аягына чейин күн ачык болот.

Жалал-Абад облусу

18-21-декабрь күндөрү жаан жаабайт. 22-декабрда түнкүсүн кар түшүшү күтүлөт. 24-декабрга чейин күн ачык болот.

Баткен облусу

18-20-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. 21-декабрда кечке маал жана 22-декабрда түнкүсүн айрым жерлерде кар жаайт.

Ысык-Көл жана Нарын облустары

18-21-декабрь күндөрү жаан-чачын болбойт. 22-декабрда айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. 23-24-декабрда күндүн көзү бузулбайт.
Башкы эпидемиолог өлкөдө тумоологондор быйыл канчага көбөйгөнүн айтты