Байден Зеленскийдин Польшадагы ракета чатагы боюнча айтканына ишенген жок

Мурдараак Владимир Зеленский Киевдин Польшанын аймагындагы ракета чуусуна тиешеси жоктугунан шек санабай тургандыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШ президенти Жозеф Байден Владимир Зеленскийдин Польшанын аймагына кулаган ракеталар украинаныкы эмес дегенине реакция кылган. Бул туурасында РИА Новости Ак үйгө шилтеме кылып кабарлады.
"Бул далил эмес", — деген Байден Зеленскийдин билдирүүсүнө комментарий берип жатып.
Буга чейин Зеленский Польшанын аймагына ракеталар кулап, эки киши каза болгон окуяга Киевдин тиешеси жоктугунан шек санабастыгын айткан эле.
Эске салсак, 15-ноябрь күнү кечинде Польша ЖМКлары Украина менен чектешкен аймагына, тагыраагы, Пшеводув районуна эки ракета кулаганын билдирип, эки адам каза болгонун маалымдаган.
Associated Press басылмасы жазгандай, булар россиялык ракетаны атып түшүрүү үчүн учурулган Украина армиясынын ракеталары болгон.
Польшанын Тышкы иштер министрлиги окуя болору менен ракеталар Россияда чыгарылганын маалымдаган. Ал эми президенти Анджей Дуда алар Украинанын ПВОсуна тиешелүү болушу мүмкүндүгүн билдирсе, НАТО да ушундай эле маалыматтарды айткан.
Түндүк альянстын башкы катчысы Йенс Столтенберг Дуда менен сүйлөшүп, бардык фактыларды аныктоо керектигин билдирген.
АКШ президенти Байден буга чейин да алдын ала алынган маалыматтар ракеталар Россиядан учурулган деген версияны четке кагарын айтып, шашылыш жыйынтык чыгарбай турууга чакырган.
Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Украина — Польша чек арасына жакын жерге ракета менен сокку урулбаганын билдирип, интернетте тарап жаткан ракета калдыктарынын сүрөттөрү Россияга тиешеси жок экенин белгилеген.
Небензя: Украина, Польша Россия менен НАТОнун ортосундагы чокту тутандыргысы келген