БИШКЕК, 9-ноя. – Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын белгилүү балбандары Жоламан Шаршенбеков менен Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингдин алдыңкы сабына чыкты. Бул тууралуу United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) кабарлады.
Шаршенбеков 60 килограмм салмактагылар арасында рейтингдин сап башын ээледи. Махмудов 77 килограмм салмактагылар ичинде экинчи орунга жайгашты (биринчиде түрк балбаны Юнус Башар турат).
Ар бир салмактагы үч мыкты спортчу 10 миң доллар акчалай сыйлыкты бөлүп алмакчы. Тагыраагы, Шаршенбековго 5 миң доллар, Махмудовго 3 миң доллар берилет.