Радио

Адылов: Токтосун Тыныбековдун чыгармачылыгы изилдениши керек

Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонддун төрагасы Шекербек Адылов көп кырдуу залкар талант Токтосун Тыныбековдун өмүрү, чыгармачылыгын терең казып, китеп кылып чыгаруу ниетин айтты.
Sputnik
Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына арналган республикалык айтышка даярдык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Шекербек Адылов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, төкмө акын, кыл кыякчы, обончу Токтосун Тыныбековдун чыгармачылыгы изилдениши керек.

"Улуу таланттын төкмөлүк өнөрүнөн тышкары кыял кыяк тартып, комузда кол ойноткон өнөрү, обончулугу башкалардан айырмаланып анын көп кырдуу өнөрпоз экенинен кабар берип турат. Тилекке каршы, алдыда өтө турчу айтышта кыл кыякчылыгын, обончулугун көрсөтүп, программага кошуу мүмкүн болбой калды. Токтосун Тыныбеков элдик ырларды угуучулардын жан дүйнөсүнө жеткире аткаруу менен бирге өзүнүн устаттары Коргол Досуевдин, Барпы Алыкуловдун "Акбакай", "Мөлмөлүм" аттуу жана башка ашыктык ырларын угармандарга алгачкылардан тартуулап бере алган. Мына ушундай залкардын чыгармачылыгы изилдениши керек. Мен анын айылдашы, жолун улантуучу катары өмүрү, чыгармачылыгын терең казып, китеп кылып чыгарууга ниеттенип жатам", — деди Адылов.

Ошондой эле ал Алымкул, Калык, Осмонкул — үчөө, Токтоналы, Ысмайыл экөө замандаш болсо, кийинки Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Замирбек төртөөнө Токтосун Тыныбековду да кошуу керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, айтыштын тандоо туру "Манас" кинотеатрында 8-ноябрда саат 10:00дө башталат. Жарым финал жана финалдык бөлүгү 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт, башталышы саат 18:00дө.