Санкт-Петербургдун жазуучулары Ошто кесиптештери менен жолугушту. Сүрөт

Жазуучулар алдыда биргелешкен чыгармалар топтомун түзүүнү макулдашышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Ош шаарында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен Санкт-Петербургдан келген жазуучулардын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге ылайык, "Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары" маданий-агартуучулук иш-чарасынын алкагында өткөн кечеде Советтер Союзунун 100 жылдыгына арналган "Биздин дарек – Советтер Союзу" чыгармалар топтомунун бет ачары болду. Ага россиялык жазуучулардын жана кыргызстандык жазуучу Бахтияр Койчуевдин "Чагылган" чыгармасы киргизилген.
1 / 9

Ош шаарында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен Санкт-Петербургдан келген жазуучулардын жолугушуусу өттү.

2 / 9

Билдирмеге ылайык, "Кыргызстандагы Петербург жолугушуулары" маданий-агартуучулук иш-чарасынын алкагында өткөн кечеде Советтер Союзунун 100 жылдыгына арналган "Биздин дарек – Советтер Союзу" чыгармалар топтомунун бет ачары болду.

3 / 9

Ага россиялык жазуучулардын жана кыргызстандык жазуучу Бахтияр Койчуевдин "Чагылган" чыгармасы киргизилген.

4 / 9

Жолугушууга Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчылары, Санкт-Петербургдан келген делегация мүчөлөрү, Ош шаарындагы жазуучулар, окуу жайлардын мугалимдери катышты.

5 / 9

Жолугушууда жазуучулар эки элдин ынтымагын бекемдеген, маданиятындагы, кызматташтыктагы алаканы чыңдаган чыгармаларды окушту.

6 / 9

"Северная Аврора" адабий журналынын башкы редактору Евгений Лукин Ош менен Петербург шаарынын жазуучуларынын чыгармаларынын биргелешкен топтомун түзүүнү сунуштады.

7 / 9

Эске салсак, долбоор Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулууда.

8 / 9

Ал 9-ноябрга чейин уланат.

9 / 9

Ош шаарында чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү менен Санкт-Петербургдан келген жазуучулардын жолугушуусу өттү.

Жолугушууга Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчылары, Санкт-Петербургдан келген делегация мүчөлөрү, Ош шаарындагы жазуучулар, окуу жайлардын мугалимдери катышты.
Жолугушууда жазуучулар эки элдин ынтымагын бекемдеген, маданиятындагы, кызматташтыктагы алаканы чыңдаган чыгармаларды окушту.
"Северная Аврора" адабий журналынын башкы редактору Евгений Лукин Ош менен Петербург шаарынын жазуучуларынын чыгармаларынын биргелешкен топтомун түзүүнү сунуштады. Лукин ал топтом кыргыз аскерлеринин Улуу Ата Мекендик согуштагы эрдиги, жеңишке кошкон салымы, баатырдыгын камтый турганын айтып, эки улуттун ынтымагын ырлар жана прозалар аркылуу берүүнү белгиледи.
"Келгиле, биргеликте активдүү иштеп баштайлы, достук иш жүзүндө тастыкталат эмеспи", — деди Лукин.
Ал эми Россия жазуучуларынын "Невский альманах" журналынын башкы редактору Владимир Скворцов: "Бизге сиздердин ата-бабаларыңыздардан адамдарды барктоо, сыйлоо сыяктуу улуу сапаты өткөн. Кыргызстанда биз өзүбүздү мекенибизде жүргөндөй эле сезебиз", — деди.
Эске салсак, долбоор Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин колдоосу менен уюштурулууда. Ал 9-ноябрга чейин уланат.
Бишкекте өтүп жаткан "Петербург жолугушуусунан" 19 сүрөт