Бишкекте өтүп жаткан "Петербург жолугушуусунан" 19 сүрөт

Бишкекке Санкт-Петербургдун "Морошка" ыр жана бий театры келип, концерт берди

Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болду

Артисттер "Петербургдун керемети" программасын тартуулашты

Шоу-программа орус элинин музыкалык инструменттери менен коштолду

"Морошка" театрын продюсер Надежда Полтавченко 2009-жылы негиздеген

Театр бир нече эл аралык фестивалдардын лауреаты

Талантын кыргызстандыктарга тартуулап жаткан театрдын артисти

Концертке шаң берген оркестрдин музыканттары

"Морошка" театрынын артисттеринин негизги максаты орус музыкасын өнүктүрүп, аны жайылтуу

Филармонияда балалайка-контрабас музыкалык аспабы да жаңырды

"Петербург жолугушуусунун" алкагында билим жаатындагы иш-чаралар да болду. Бишкектеги № 17 мектеп-гимназиясы менен Санкт-Петербургдун № 2 гимназиясы "жол картасына" кол коюшту

Бишкектеги мектепте Санкт-Петербургдун тарыхы боюнча олимпиада өткөрүү пландалууда

Анын жеңүүчүлөрү Санкт-Петербург шаарына барышат

Улуттук тарых музейинде өзүнчө фотокөргөзмө да өттү

Анда Ленинград блокадасына арналган сүрөттөр коюлган

Ленинграддагы фронтто салгылашкан кыргызстандыктар. Алардын эрдигине арналган өзүнчө бурч да уюштурулган

Россиянын делегациясы Ленинград блокадачыларынын эстелигине гүл койду

Гүлчамбар коюу иш-чарасына Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомунун төрагасы Марат Кутанов, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев катышты

"Кыргызстандагы Петербург жолугушуусу" 9-ноябрда аяктайт