БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн, анын ичинде ташып чыгууга (экспорттоого) министрлер кабинети убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.
Аталган чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында кабыл алынганы айтылды.
Токтом менен төмөнкү иш-чаралар белгиленген:
Кыргызстандан айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) (реэкспортту, транзитти, ошондой эле министрлер кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркемеге ылайык белгиленсин;
2022-жылдын 1-ноябрынан тартып, 31-декабрын кошо алганда Кыргызстан аймагынан тышкары ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерге буудай унун ташып чыгууга 100 000 тонна көлөмүндө сандык чектөө белгиленсин;
Кыргызстандын аймагынан тышкары ЕАЭБге мүчө эмес мамлекеттерге ташылып чыгуучу буудай унуна карата экспорттук квоталардын көлөмдөрүн экспорттоонун бажы жол-жобосуна ылайык, тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда бөлүштүрүүнүн эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
Бул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирери айтылды.