Келерки аптада Чүйдө аба ырайы кандай болору айтылды

Бишкекте да жамгыр, кар жаай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Чүй жергесинде алдыдагы аптанын биринчи жарымы жаанчыл болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, апта башында, тагыраагы, 7-8-9-ноябрда Чүйдүн көпчүлүк аймактарына жамгыр, тоолуу жерлерине кар жаашы күтүлүүдө. Бишкекте да жума жаңыргандан баштап үч күн катары менен жамгырлуу болот. Шаршембиде кар түшүшү ыктымал. 10-ноябрдан тарта күндүн ачылары айтылды. Абанын температурасы Бишкекте +5...+7 градусту көрсөтсө, Чүйдө +3...+8 градус болот.
Кыргызстандагы ири шаарлардын баарында жер жаракасы бар. Сейсмологдун маеги