Министрликтин билдирмесине караганда, ЖМК жетекчиси жана аны менен иштегендер Жогорку Кеңештин депутаттарын 2016-2017-жылдары соцтармактарда жарыяланган аудиожазуулар менен опузалап, алардан акча талап кылышкан. Алар 2 000 доллар алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
"Кылмыштын негизги аткаруучусу МИР24.kg маалымат порталынын башкы директору Санрабия Сатыбалдиева болуп саналат. Аталган кылмышка жардамдашкан деп шектелип, порталдын оператору Б.у.К. да колго түшүрүлдү", — деп айтылат ИИМдин маалыматында.
Азыркы учурда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") боюнча иш козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Кармалгандар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Маалым болгондой, ЖМК жетекчиси депутат Тазабек Икрамовдун да пиар-менеджери. Айрым ЖМКлар Сатыбалдиева кош бойлуу экенин жазышууда. Ал эми акыйкатчы Атыр Абдрахматова ал мыйзамсыз кармалганын айтып чыкты.
Тема боюнча: