БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Бүгүн Россиянын Краснодар аймагына караштуу Ейск шаарындагы турак жай кварталдарынын бирине Су-34 бомбалоочу истребители кулады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
РФтин Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Су-34 машыгуу иштери учурунда тапшырманы аткаруу үчүн асманды көздөй күү менен көтөрүлүп бара жатканда кырсыктаган. Бул кубаттуу техниканын Түштүк аскердик округдун аскерий аэродромунан учуп чыкканы айтылды. Бомбалоочу истребителдин учкучтары коопсуздук чараларын көрүп, чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. Алардын айтымында, аба кемеси учарда анын кыймылдаткычтарынын биринен өрт чыккан. Учурда өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Алдын ала берилген маалыматтарга караганда, Ейск шаарындагы учак түшкөн беш кабаттуу үйдөн 15 батир талкаланган. Өрт болгон жердин аймагы болжол менен эки миң чарчы чакырымга жакын экени кабарланды.