Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Батыш Россияга каршы террордук согушка өтүп жатабы? Ой толгоо

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүКрым көпүрөсүндөгү өрттү тик учак өчүрүүдө. Архивдик сүрөт
Крым көпүрөсүндөгү өрттү тик учак өчүрүүдө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
Жарым жылдан ашуун Украина ааламга өзүн орустардын курмандыгы катары көрсөтүп, ал эми Вашингтон менен Лондон тонналаган курал жөнөтүп, миңдеген жалданма аскер жолдоп, бүтүндөй өлкөнү Россия менен күрөшүүгө шыкактап келет. Мунун баарына дүйнө күбө болду.
Бардык мамлекеттердин лидерлери "ушундай күнгө биз туш болуп калсак, эмне болмок?"деген ойдо болушту. Бирок алигүнчө "Украинанын орус империализмине каршы согушу" дале уланууда. Тынымсыз согуштук аракеттер... Ушундай ойдун учугун бул ирет Виктория Никифорова чубаган. Серепчинин макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.
Дүйнөлүк коомчулук кейип-кепчип, баарын аңдап, бирок үндөбөй турууга аргасыз болду. Вашингтондук ортомчулар эми Россияга каршы түз жана ачык террорчулукка өткөндөй... Мындай согушкерлерди акча жана курал менен тымызын күчтөндүрүп келгенин жашырып, америкалыктар, мейли, дагы көпкө чейин амалдансын. Ислам мамлекетинин* каалагандай тайраңдашына жол берген британдар эмес дейли. Бирок каны кызуу украиналыктардын аракети менен дүйнөлүк аренадагылардын ар биринин жүзү ачылып калбадыбы. Жалпыга баары айдан ачык.
Мына "Түндүк агым — 2" газ түтүгүн жардырышты. Кезегинде эң жогорку деңгээлдеги америкалык расмий өкүлдөрүнүн анын түбүнө жетебиз деген тейдеги билдирүүлөрү болгон. Балтиканын эң түбүнө жардыргыч жеткире ала турган тескелбеген кайыктарга дал америкалыктар ээлик кылат. Албетте, дүйнөлүк коомдук пикир бул терактыга америкалыктар менен англичандардын тиешеси болушу ыктымал деген пикирге ыктайт. Мындай диверсия "англосактардын" колунан келгенин белгилеген Владимир Путин баары түшүнүп, бирок айта албай турган ойду гана ортого салып койду.
Ошондой эле Подмосковьеде Дарья Дугинанын машинасын жардырышты. Эске салсак, ал — белгилүү философ, Россиянын көз карандысыздыгы үчүн интеллектуалдык күрөш лидеринин кара чечекей кызы. Анан да америкалык жана британиялык атайын кызматтар үчүн өз эгемендиги үчүн күрөшкөн өлкөлөрдүн каймактарынын, интеллектуал, саясатчыларынын, философторунун көзүн тазалоо кадыресе жумуш эмеспи. Байкуш Латын Америкасынын тагдырын эле эстейличи…
Киевдеги Европа аянтында НАТОнун эмблемасы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Киев НАТОнун Украинадагы жаңжалга аралашып жатканын моюнга алды
Жакында эле Россияны терроризмдин демөөрчүсү катары көрсөтүүгө тырышып жаткан Кошмо Штаттар спонсор да эмес, көз карандысыз өлкөнүн аймагына чабуулду уюштурган реалдуу террорчуга айланып калгандай кабылданды. Анан мындайда аларга демократия, "Украинага эркиндик" жана адам укуктары деп жар салуу жарашабы?
New York Times басылмасы кайсы бир америкалык атайын кызматтардын ачылыштарын ачыкка чыгарышты. Анда Вашингтон Подмосковьедеги жардыруудан кабары да жоктугу айтылат. Баарын кылган киевдик режим, биз эмес дегендей алакан жайышат. Дагы бир америкалык Politico журналы New York Times гезитиндеги бул макала аркылуу Вашингтон Зеленскийдин режимине мындай терактыларга жол берилбестигин эскертти деп боолгологон. Анткен менен ошол эскертүү натыйжасын берген жок. Бир нече күн өтпөй Крым көпүрөсү жардырылды.
Бул окуялардын баарына карата дүйнөлүк реакцияны Сербиянын президенти Александр Вучич гана чын дилден билдирди көрүнөт. "Түндүк агымдагы" жардыруудан соң ал: "Корккондон мени тер басты", — деди.
Бомба менен чагым уюштуруп, Европанын жарымын радиация менен ууландырып, башкалардын колу менен атомдук электр станциясын кыйратып, бирок күнөөнүн баарын дароо Москвага оодара салууга тырышып келишет. Бирок эми андай иштен майнап чыкпайт. Киевдик режим менен кызматташтык үчүн дүйнөлүк коомдук пикир АКШны айыптайт.
Мындай ишке барган украиналыктар дароо эки үлкөн державага – АКШ менен Улуу Британияга кызмат кылууга үлгүрүшөт. Бирок алардын кызыкчылыктары кээде таптакыр эле карама-каршы келет. Жазында эле англиялык чалгын кызматы Крым же алар атагандай Керчен көпүрөсүндөгү диверсиянын бири нече планын иштеп чыкканын тастыктаган документтердин Батыш басма сөзүнө жарыяланышы да тегин жерден эместир.
АКШнын Patriot ракетадан коргонуу системасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
НАТОнун "жабык асманы" Украинага пайда келтире албайт. Аскерий сереп
Албетте, иш жүзүндө теракт бөлөкчө сценарий менен ишке ашты. Федералдык коопсуздук кызматы жардырууну Украина аскердик чалгын кызматынын башчысы Кирилл Буданов уюштурган деп эсептейт. Grayzone журналисттерине берген маегинде британиялык ардагер Майкл Уорд бул диверсиянын автору экенин деле танбайт. Баарынан да ал өз пландарын кимге жолдогону өтө кызык. Британиялык чалгын кызматындагы үлкөн ишмер, НАТОнун бир катар башкы катчыларынын тушунда кеңешчи болуп иштеген Крис Доннеллиге жиберген. Бул инсан Россияга каршы кантип туура согушуу жөнүндөгү бир нече эмгеги, анан да заманбап согуш концепциясы да бар.
Донеллинин пикиринде, НАТО – эскилиги жеткен кашаң структура, ал эми европалыктар согушкусу келбеген саботажчылар. Аскердик блокту жандандыруу үчүн ал бир гана сөздү алып салып, Түндүк атлантикалык келишимди кайра жазып чыгууну сунуштайт. Ошондо ага мүчө-өлкөлөр "куралдуу кол салуу" эмес, жөн гана "кол салууга" да чара көрө алышат. Башкача айтканда, ал НАТОго таянуу менен глобалдык аскердик диктатураны таңуулагысы бар.
Ал эми мындай демилгелери ишке ашырылганча ал бейтарап аймакта согушууга болгон күчү менен үгүттөп келет. Бул эң зарыл инфраструктурадагы диверсияларды, чоң терактылар, жеке пикирлерин билдиргендерди жок кылууну туюндурат. Азыркы тил менен бул – гибриддик согуштун теориясы. Ал эми кадимки жана эл аралык укук боюнча, бул – терроризмди актоо жана аныны идеялык негизи.
Баам салсак, дүйнөлүк терроризмдин буюртмачылары жана демөөрчүлөрү Лондон жана Вашингтондо отурушат. Бүгүнкү күндө аны жашырууга деле мүмкүн болбой калбадыбы.
* Кыргызстан, Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюм.
HIMARS мобилдик ракеталык комплексинин артиллериялык машыгуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Киев режимине көрсөткөн аскерий жардамы азаюуда. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0