Алдыдагы аптада Баткенде күтүлгөн аба ырайы

Үч күн катары менен жамгыр жаашы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги бул аптада Баткенде аба ырайы кандай болорун маалымдады.
Ага ылайык, 17-октябрга караган түнү Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоо этектеринде жаан, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы ыктымал. Абанын температурасы да төмөндөп, 11...13 градусту көрсөтөт.
20-октябрдан тарта күн кайра ачылары айтылды. 22-октябрда абанын температурасы 22 градуска чейин жылыйт.
Нарында кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы