17-октябрга карата аба ырайы

17-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. 17-октябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республика боюнча ала булут каптап турат, жаан жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +12...+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +14...+19 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ош шаарында +21...+24 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаанчыл болобу? Кыргызстан боюнча бир аптага аба ырайы