Жаанчыл болобу? Кыргызстан боюнча бир аптага аба ырайы

© AFP / KIRILL KUDRYAVTSEVЖамгырда кол чатыр менен кыз
Жамгырда кол чатыр менен кыз - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2022
Жазылуу
Республикада 18-19-октябрь күндөрү ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал болот.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы кандай болорун айтты.

Чүй облусу

16-октябрдан 20-октябрга чейин түнкүсүн айрым жерлерде жамгыр, тоо этектеринде жаандан сырткары кар түшүшү күтүлөт.
20-21-октябрда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Талас облусу

15-16-октябрда жана 17-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
17-октябрда күндүз көпчүлүк аймактарга жамгыр, бийик тоолуу райондорго кар жаайт.
18-19-20-октябрда аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы божомолдонууда.
21-октябрда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

16-17-октябрда күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан, бийик тоолуу райондордо кар жааса, өрөөндөрдө күн ачык болот.
18-20-октябрда түнкүсүн гана айрым жерлерге жамгыр жаайт. Ал эми 21-октябрда күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Эки облуста тең бүгүн-эртең айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
18-октябрдан 20-октябрга чейин кээ бир аймактарда жамгыр жаайт.
21-октябрда күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-19-октябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2022
Ноябрь ичинде Кыргызстанда аба ырайы кандай болот? Кыргызгидрометтин божомолу
Жаңылыктар түрмөгү
0