Ысык-Көл: малды түндө айдап өткөндө жарыкты чагылдыруучу тасма байлоо сунушталды

Автоинспекторлор айылдарга барып коопсуздук эрежелери тууралуу айтып беришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жети-Өгүз району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунда мал жандыктарды автоунаа коюп кетип жаткан кырсыктардын алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүдө.
Инспекторлор Дархан, Саруу, Ак-Терек, Койсары жана Жети-Өгүз курортунун автожолунун жээгинде жайгашкан айылдарга барышкан. Алар мал кайтарып же айдап өткөндөргө автоунааларга тоскоолдук жаратпоо, кырсыкка кабылтпоо үчүн кандай зарыл эрежелерди сактоо керектигин айтып түшүндүрүшкөн.

"Чабандарга мал жандыктарын күндүз жана түнкүсүн кароосуз калтырбай, автожолдон алысыраак жайып, кароо керектиги эскертилди. Ошондой эле күз айларында жайлоодон түшүп келе жатканда малга кечкисин жарыкты чагылдыруучу тасмаларды байлоо эскертилди. Мүмкүн болсо жогоруда айтылган жолдон күндүз айдап өтүү сунушталды", — деп айтылган маалыматта.

Ал эми айдоочуларды, өзгөчө таксисттерди мал өткөн жерден коопсуздук аралыгын, ылдамдыкта жүрүүчү чектелген эрежени сактоого чакырышкан.
Жол эрежеси: арзандатылган айып пулдун мөөнөтүн узартып, туумду жоюу сунушталды