БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Баткенге гуманитардык жардам кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Медиа-штабдан кабарлашты.
Бирдиктүү борборлоштурулган пунктуга Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүүнү каалаган мекеме-уюмдар, жарандар кайрыла алышат. Алар азык-түлүк, жеке гигиеналык каражаттарды, балдар үчүн буюмдарды берсе болот.
Эскерте кетсек, бүгүн таңда тажик тараптын кол салуусунан чек арада атышуу болуп жатат. Мындан улам Баткен менен Лейлектин тургундары эвакуацияланган.