Мариуполдун администрациясы ал үйлөргө 2 500гө чукул адамды жайгаштырууну көздөп жатат.
"Батирлер толугу менен бүтүп, санитардык түйүндөрү орнотулуп, ашкана болчу аймактары да жасалгаланды.
Аймак мурдатан эле көрктөндүрүлүүдө, балдар аянтчалары, тренажер аянтчалары, эс алуучу, машина токтотуучу жерлер бар жана жолдор асфальтталган", — деген Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик-курулуш комплекстериндеги долбоор жетекчиси Олег Печенкин.
Жаңы кичи райондо баш-аягы 5 кабаттуу 12 үй тургузулууда. Ал үйлөрдү жыл аягына чейин тапшыруу үчүн куруучулар күнү-түнү иштеп жаткандыктарын билдирди.
"Учурда экинчи этаптын башкы планы түзүлүүдө. Анда 1 100 орундуу мектептин, эки бала бакчанын, жабык бассейни, жабык муз аянтчасы бар дене тарбия борборунун, андан сырткары, спорттук оюндардын түрлөрү боюнча ири аянтчалардын курулушу каралган. Экинчи этаптагы курулуш эки жылга эсептелген, бирок аны графиктен эрте бүтүрүүгө аракет кылабыз", — деген ал.
2025-жылга чейин Россиянын көмөгү менен Мариуполдо 130 миң чарчы метр жерге жаңы үйлөрдү куруу пландалууда.
Тема боюнча: