БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө шектелип кармалган блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыгарылды. Билдирмени Баткен облустук сотунун маалымат катчысы Замир Ормонов тастыктады.
Анын айтымында, шектүүнүн жактоочусу аны үй камагына бошотуу боюнча Баткен райондук сотуна өтүнүч келтирген.
"Сот анын өтүнүчүн канааттандырып, блогер аялды үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алган. Жолболдуева сот залынан 18-августта бошотулду", — деди Ормонов.
Эске салсак, 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 26-мартка караган түнү жүрөгү кармап каза болгону айтылган. Андан кийин 25-март күнү журналист Баткен облустук милициясына келип "Батма-бат" Youtube каналында иштеген блогер кыз аброюма шек келтирип, жаман сөздөр менен каралап жатат деген таризде арыз жазганы белгилүү болгон. Милиция ошол эле күнү арыздануучунун ден соолугу начарлап ооруканага кайрылып, дарыгерлердин жардамына карабай каза болуп калганын билдирген.
33 жаштагы блогер журналисттин өлүмү боюнча эки кылмыш иши боюнча суралып жаткан. Марттын башында Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси ("Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин ага 190-берене ("Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу") менен 280-берене ("Бейбаштык") кошулган.