БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигиндеги Алымкадыр Бейшеналиев иштен алган үч бөлүм башчы Биринчи май райондук сотунун чечими менен кайра мурдагы ээлеген ордуна кайтарылды. Бул тууралуу аталган соттун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сот министрликтин Азамат Жумакеев, Айнура Акматова жана Гүлмира Ибраева аттуу үч кызматкеринин Саламаттык сактоо министрлигинин буйруктарын мыйзамсыз деп табуу, мурдагы ээлеген кызматына кайтаруу, мажбурлап иштен алган учур үчүн эмгек акысын өндүрүү боюнча доо арызын канааттандырган.
Сот министрликтин 2022-жылдын 27-майында чыгарган №126, 127, 128 буйруктарын мыйзамсыз деп тапты.
"Ошондой эле соттун чечими менен Азамат Жумакеев министрликтин юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси, Айнура Акматова Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы, Гүлмира Ибраева иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы кызматтарына кайра келишти", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигинен арыз ээлеринин иштен кеткен мезгилинде төлөнбөй калган эмгек акылары өндүрүп берилгени айтылды.
Эске салсак, буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев, Жапаркул Ташиев жана башкармалыктардын жетекчилери аны кызматтан алуу талабы менен чыгышкан. Алар министр Германияга кетери менен маалымат жыйын өткөрүп, Бейшеналиев жалпы эле министрликти уят кылып жатканын жана мыйзамсыз иштерди жасап жүргөнүн айтышкан.
Министрге Айнура Акматова да каршы чыгып, министр этиканы сактабай кызматкерлерге орой мамиле кыларын билдирген.
Кийинчерээк Бейшеналиев министрликтеги бир катар аткаминерлерди иштен алган.