Кыргызстандан 300 медайым Германияга барып иштеп келет

Жаш адистер канча мөөнөткө иштей турганы айтылган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кызматташуу долбоорунун алкагында Кыргызстандан 300 медайым Германияга барып иштеп келет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Ал Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолуккан.
"Биз Германиянын профилдик министрлигине кызматташтык жөнүндө меморандум жөнөттүк. Бул өз ара иштешүүбүздү системалуу жана натыйжалуу кылууга мүмкүндүк берет. Ушул жылы Эмгек министрлиги тарабынан 300 кыргызстандык "медайымдык иш" адистиги боюнча мыйзамдуу ишке орношуу үчүн Германияга барат. Иш бүткөндөн кийин алар Кыргызстанга жаңы билим, жаңы тажрыйба алып келишет", — деди Базарбаев.
Медайымдар канча мөөнөткө иштей турганы айтылган эмес.
Социалдык кепилдиктер берилет. РФ компаниялары кыргыз жарандарын ишке чакырды