Нарында "Инвест кеңеш" уюму түзүлдү. Максаты

Облус жетекчисинин аппаратынын алдында түзүлгөн "Инвест кеңештин" биринчи отуруму кечээ өткөрүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Нарында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен түзүлгөн "Инвест кеңеш" өз ишин баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Нарында облус жетекчиси Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен түзүлгөн "Инвест кеңеш" өз ишин баштады
Маалым болгондой, кечээ, 4-августта, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын алдында түзүлгөн "Инвест кеңештин" биринчи отуруму өткөрүлдү.
Кеңештин курамы аппараттын кызматкерлеринен, райондук мамлекеттик администрация башчыларынан, Нарын шаарынын мэринен, тиешелүү мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнөн, жеке ишкерлерден, эл аралык жана коомдук уюмдардын мүчөлөрүнөн бекитилди.
Максаты — Нарын облусундагы бизнес-чөйрөнү жана инвестициялык жагдайды жакшыртуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана мамлекеттик органдарга сунуштарды иштеп чыгат. Ошондой эле облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүү үчүн зарыл иш-чараларды жүзөгө ашыруу максатында кеңеш берет.
Эргешов эл аралык уюмдар тааный турган долбоорлорду, техникалык-экономикалык негиздемелерди жасай турган адистерди даярдоо, ушундай долбоорлорду иштеп чыгуу "Инвест кеңештин" негизги милдеттеринен болорун белгилеп, эл аралык уюмдар менен иш алып барганды билген адистерди тартуу зарылдыгына токтолду.
Радио
Баясов: инвестиция тартууда Баткен облусуна көңүл бурулат