Bloomberg РФ газын рубль менен сатууну ким сунуштаганын жазды

Президент Владимир Путин март айында Евробиримдик жана РФке каршы чектөө чараларын киргизген мамлекеттер газ үчүн рубль менен төлөй турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Россиянын газын рубль менен сатууну РФ президентинин жардамчысы Максим Орешкин сунуштаган. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.
Россиянын президенти Владимир Путин быйыл март айында Евробиримдик өлкөлөрү жана РФке каршы чектөө чараларын киргизген мамлекеттер газ үчүн рубль менен төлөй турганын билдирген. Андан кийин тиешелүү жарлыкка кол коюп, 1-апрелден баштап ал күчүнө кирген.
Агенттик ишенимдүү маалымат булагына таянып, Орешкин газды рубль менен сатуу идеясынын автору экенин белгилеген. Президенттин жардамчысы агенттикке бул боюнча комментарий берген эмес, бирок мындай схемага оң баа бере турганын айткан.
Мындан сырткары, Орешкиндин россиялык банктарды SWIFT эл аралык банктар аралык тутумунан ажыратуунун кесепеттерин алдын алуу боюнча пландарды иштеп чыгууга катышканы жазылган.
American Thinker: Россия мунай согушунда АКШны жеңип чыкты