Бишкекте оюн-зоок борборунда кызга кол көтөргөн кишини сот кантип жазалады

Мурдараак ал чоң муштумга кылмыш иш козголгон эмес. Тиешелүү тарап административдик тартип бузуу боюнча материалды сотко жөнөтүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Ленин райондук соту Бишкекте балдардын оюн-зоок жайында кызга кол көтөргөн кишини майда бейбаштык кылган деп чечти.
Ленин райондук ИИБден административдик иш боюнча материалды сотко жөнөтүшкөнүн, ал жактан Бишкектин 32 жаштагы тургунун мамлекеттин эсебине 5500 сом төлөөгө милдеттендиргенин айтышты.
Мурдараак райондук милиция кылмыштын элементи жок деп ал кишиге иш козгогон эмес.
Мындан бир нече күн мурда интернетте видео тараган. Анда көрүнүп тургандай, мушташа кеткен балдардын жанына эркек киши басып келип (балдардын биринин атасы болушу мүмкүн), бирок аларды ажыраткан эмес. Тескерисинче, жекеме-жеке чыгып мушташууга мажбурлаган. Ал эми чырды токтотууга аракет кылган кызды түртүп, орой мамиле жасаган.
Балдардын оюн-зоок борборунун башкаруучусу окуя 14-июль күнү болгонун айтып, тестиерлерди ажыраткан кыз 18 жашта экенин билдирди. Ал жумушка орношуу үчүн сыноодон өтүп жаткан. Башкаруучунун айтымында, окуя болгон учурда эркек киши кечинде, жумуштан кийин кызды өлтүрүп кетерин айтып, коркуткан.
Бишкекте мушташкан балдарды ажыраткан кызга киши кол салды. Видео