Токаев Борбор Азияда температура өтө тез өсүп бара жатканына тынчсызданды

Казак лидери кесиптештерин климат боюнча тез арада биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын атайын баяндамасында кылымдын аягына чейин Борбор Азияда абанын температурасы алты градуска чейин көтөрүлөрү болжолдонду. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.
Анын айтымында, бул глобалдык температуранын болжолдонгон жогорулашынан эки эсеге жогору.
"Климаттын өзгөрүү процесстери биздин аймак үчүн суунун негизги булагы болгон мөңгүлөрдүн азайышына алып келет. Борбордук Азияда акыркы 50 жылда алардын көлөмү 20-30 пайызга кыскарды. Бул келечекте Сырдарыя жана Амударыя сууларынын агымын бир кыйла кыскартат. Адистер Борбор Азия чөлкөмүндө температура планетадагы орточо көрсөткүчтөн бир топ тез өсүп жатканын айтышат. Бул региондун азык-түлүк, энергетикалык жана экологиялык коопсуздугу үчүн олуттуу коркунучтарды жаратат", — деди Токаев.
Ошондой эле ал кесиптештерин тез арада биргелешкен чараларды көрүүгө чакырды.
"Ушул өңүттө биз Кыргызстандын 2022-жылды Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылы деп жарыялоо демилгесин кубаттайбыз. Тажикстандын 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоонун эл аралык жылы деп жарыялоо сунушун дагы карайбыз. Биздин күч-аракеттерибизди бириктирмейинче Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу мүмкүн эмес", — деди ал.
Мындан тышкары,Токаев биргелешкен аракеттерди координациялоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн Долбоордук кеңсесин түзүүнү сунуштады.

Метеорологдор: 2022-жылдан тарта жер бетинде 5 жылдык мээ кайнаткан ысык башталат