Тез татым, кийим саткан жай күйдү. "Дордой" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Видео

Эртең менен базардын борбордук өтмөгүнө кире бериштеги контейнерден жалын тутанган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. "Дордой" базарындагы эки кабаттуу контейнерлерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Болжол менен өрттүн жалпы аянты 1 000 чарчы метрди түзөт. Аталган контейнерлерде тез татым жасоочу жана кийим сатуучу жайлар жайгашканы айтылды.
Жеринде ӨКМдин 60 куткаруучудан турган 7 бригадасы, бир автошаты, бир суу ташуучу унаа жана штаб тартылып, өрттү толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Базардын борбордук өтмөгүнө кире бериштеги контейнерден жалын бүгүн эртең менен тутанган.
Бүгүн таңда Беловодское айылында турак жай өрттөнүп үч адам каза болду