Садыр Жапаров 2021-жылы сырттан канча карыз алынганын айтты

Өлкө башчы мындан кийин карыз алына турган болсо дагы, мурдагыдай сол чөнтөккө кетпей, киреше алып келе турган тармактарга салынарын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Тышкы карызды төлөй албай калабыз деген коркунуч жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигиндеги маегинде айтты.
Журналист ага "Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин эскертти. Буга чейин сиз "Кумтөрдү" алсак эле тышкы карыздан заматта кутулабыз дебедиңиз беле" деген мааниде суроо узатты.
Президент эч кандай коркунуч жок экенин, министрлер кабинетинин төрагасы бул сөзүн депутаттарга жөн гана тышкы карыз тууралуу эскертүү иретинде айтканын билдирди.
"Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык болуп турса, бардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайын колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал "быйыл 270 миллион доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун" деп жатат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал өзү парламентке барганда депутаттардан "экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар" деп суранганын кошумчалады.
Мындан тышкары, журналист "айрым НПОчулар бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды" деп айтып жатканынын канчалык чындыгы бар деп сурады.
Жапаров бул жалган экенин айтты.
"Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок", — деди ал.
Сөзүнүн соңунда "карыз алына турган болсо дагы, мурдагыдай сол чөнтөккө кетпей, киреше алып келе турган тармактарга салынарын" айтты.
Акылбек Жапаров карыз төлөнбөсө Кытай алып коё турган үч объектини атады