Өспүрүм балдар жол кырсыгынан көз жумган учурлар былтыркы беш айга салыштырмалуу быйыл 50 пайызга өсүп кетти. Бул тууралуу Елкин Арстанбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар жол кырсыгына кабылган учурлар да былтыркы беш айга салыштырмалуу 0,9 пайызга көбөйгөн.
"2021-жылдын беш айы менен 2022-жылдын беш айын салыштырып, жол кырсыктары боюнча анализ жасадык. Анын жыйынтыгына караганда, жалпы кырсыктар 7,6 пайызга азайган. Каза тапкандар 14 пайызга, жаракат алгандар 7 пайызга төмөндөгөн. Бирок ушул эле жол кырсыктарына өспүрүм балдардын кабылышы бир аз жогорулаган. Ал эми жол кырсыктардан балдардын көз жумган учурлары дээрлик 50 пайызга жогорулаган. Бул кырсыктардын көбүндө өспүрүмдөр жүргүнчү катары бара жатышкан",— деди Арстанбаев.
Ал айдоочуларды жол жүрүүдө эрежелерди сактоо менен этият болууга чакырды.