Sputnik Кыргызстан агенттиги абитуриенттерге жардам иретинде Эл аралык "Ала-Тоо" университети тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.
Эл аралык "Ала-Тоо" университетине тапшыруу үчүн керектүү документтер
Алгач кабыл алуу комиссиясына төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
1.
Жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ (документ же аттестат);2.
ЖРТ сертификатынын оригиналы;3.
3х4 өлчөмүндөгү 4 сүрөт;4.
Паспорттун көчүрмөсү;5.
Контракттын 30%ын дароо берип, ал эми 70%ы жарым жыл ичинде бөлүп төлөнөт.6.
Андан кийин англис тилинен тест тапшырат. Бул сынактан ийгиликтүү өткөн абитуриенттер биринчи курска кабыл алынат. Сынактан өтпөй калгандар даярдоо курсуна калтырылат.7.
Ал эми TOEFL жана IELTS программасынын расмий сертификатын алгандар автоматтык түрдө 1-курска кирет.Университетке өтүүдө мындан башка кошумча сынактар каралбайт.
Студенттерге кандай жеңилдиктер берилет?
ЖРТнын жыйынтыгынын негизинде окууга 5тен 100%га чейинки арзандатуу каралган;
Мектепти артыкчылык менен бүткөндөргө 20%га чейин жеңилдик каралган;
Республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү 40тан 100%га чейинки жеңилдиктерди ала алышат;
Жеңилдетүүлөр социалдык жактан жашоо-шарты начар студенттерге да берилет.
Эл аралык "Ала-Тоо" университетинин факультеттери жана багыттары
Инженерия жана информатика:
информатика жана эсептөө техникасы;
электроника жана наноэлектроника;
прикладдык математика жана информатика;
сапаттык башкаруу.
Гуманитардык илимдер факультети:
лингвистика (котормо жана котормо таануу);
филология (англис тили жана адабият);
лингвистика (кытай тили);
психология;
педагогика (педагогика жана башталгыч билим берүүнүн методикасы);
журналистика.
Экономика жана башкаруу:
экономика (МЭжБ жана ФК);
эл аралык мамилелер;
менеджмент;
эл аралык укук.
Медициналык факультет:
дарылоо иши;
педиатрия.
Орто кесиптик билим берүү:
эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык жактан камсыздоо;
компьютердик системалар жана комплекстер;
дизайн (компьютердик графика);
экономика жана бухгалтердик эсеп;
маркетинг.
эл аралык аралыктан окутуу борбору:
менеджмент;
педагогика.
Магистратура:
информатика жана эсеп техникасы;
филология (түркология);
менеджмент;
педагогика;
лингвистика;
эл аралык мамилелер.
Тилдер институту:
Жалпы билим берүүчү дисциплиналардын факультеттер аралык кафедрасы.
Окуу баасы:
Аталган университетте эң төмөнкү окуу төлөмү — 130 000 сом
"Ала-Тоо" университетинин тарыхы
Бул жогорку окуу жайы 1996-жылы негизделген. Мурда "Ала-Тоо" университети түрктөрдүн аскердик жана саясий ишмери Мустафа Кемал Ататүрктүн атын алып жүрчү. 2017-жылдан баштап Эл аралык "Ала-Тоо" университети деп өзгөртүлгөн.
Эң башында университетке "компьютердик инженерия" менен "англис тили жана адабияты" деген эки академиялык программа киргизилген. Ал эми 1998-жылы менеджмент жана эл аралык мамилелер адистиктери ачылган. Окуу жайда билим берүүчү негизги тил — англис тили болуп эсептелинет. Муну менен катар айрым сабактар кыргыз, орус, түрк тилдеринде окутулат. Ошондой эле студенттер кошумча окутуу тили катары — немец, кытай, япон, француз тилдеринен бирөөнү тандап алат.
Учурда ЖОЖ "Сапат" эл аралык билим берүү борборуна жана КРдин Билим берүү жана илим министрлигине карайт. Ошол себептен бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик макамдагы диплом берилет.
Университет Европа, Кытай, Америка, Түркия жана Кипрдеги окуу жайлар менен эки тараптуу макулдашууга ээ. "Мевляна", "Эрасмус" программаларынын алкагында студенттер менен окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жүрүп, аталган эл аралык университеттерде студенттер 1-2 семестр окуп келишет.
Эл аралык "Ала-Тоо" университетинде учурда Түркия, Казакстан, Шри-Ланка, Индонезия, Панама, Сомали, Түштүк Африка, Мали, Азербайжан, Афганистан, Кытай, Египет, Марокко, Тунис, Германия, Нидерландия, Монголия, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 140тан ашык чет элдик студент билим алат.
Эл аралык "Ала-Тоо" университети тууралуу маалымат
Бүгүн университетте 4 академиялык факультет, 3 институт, 14 "бакалавр" багытындагы академиялык программа, "магистратура" багытындагы 7 академиялык программа, "аспирантура" (докторантура) багытындагы 7 академиялык программа, 2 500 студент, 4 000 чарчы метр аянты, 22 студенттик клуб, 4 500 бүтүрүүчү, 45 000 китеп, 3 стадион, 1 теннис корту, 1 спорттук зал, 6 компьютердик класс, 1 интернет-клуб, 1 илим-изилдөө борбору, 2 ашкана, 1 медициналык борбор жана жеке медициналык госпиталь бар.
Университеттин ректорлору
Мехмет Шахин (проректор)
Кудрет Хаккы
Ибрахим Хасгюр
Эрол ОралАли Айата
Осман Гокальп
Жангороз Каниметов (кыска убакытка)
2017-жылдан бери – Санжарбек Эрдолатов.
Дареги: Анкара (Горький) көчөсү, 1/10
Телефон: (312) 63-04-07, (0555) 82-00-00 (WhatsApp).
Сайт: www.alatoo.edu.kg.