КРСУга кантип өтүүгө болот?

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКРСУ (Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети)
КРСУ (Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети)  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022
Жазылуу
КРСУ (Борис Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети) Кыргызстандын жана анын чегинен тышкары эмгек рыногунда эң көп суроо-талапка ээ болгон адистерди даярдайт. Материалда аталган окуу жайга кандайча, кантип тапшыруу керектиги тууралуу кенен айтып беребиз.
Sputnik Кыргызстан редакциясы абитуриенттерге факультет тандоого жардам берүү максатында КРСУ тууралуу бардык маалыматтарды чогултту.

КРСУга кантип тапшырса болот?

Бюджеттик жана келишимдик негиздеги орундарга жарыяланган сынакка катышуунун бир нече жолдору бар.
1.
Сынакка study.krsu.kg. сайты аркылуу катышса болот. Бул портал КРСУга карайт. Сайт аркылуу Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Беларустун жана Тажикстандын жарандары Россия Федерациясы тарабынан каржыланган бюджеттик орундар үчүн жүргүзүлгөн конкурста өз күчүн сынай алышат.
2.
Муну менен катар жогорку билими бар кыргызстандыктар да университетке тапшыруу үчүн ат салышуу укугуна ээ.
3.
Мындан тышкары, ӨКМдин сунуштамасы менен каалоочулар аталган сайт аркылуу сынакка катышып, "техносфералык коопсуздук" багыт боюнча бакалавриатта окуй алышат.
4.
2020.edu.gov.kg. сайты аркылуу абитуриенттер ЖРТнын сертификаты менен күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмүнө бюджеттик жана контракттык орундарга тапшыра алышат.
5.
Билим берүү жана илим министрлигине караштуу edugate.edu.gov.kg. сайтынын сынагына катышкан чет элдик абитуриенттер да контракттык негизде окуй алышат.

Россиянын бюджеттик орундарына кантип өтүүгө болот?

Абитуриенттерди кабыл алуу Кыргызстан, Россия, Казакстан, Беларусь жана Тажикстандын жарандары үчүн университеттин ичиндеги конкурстун негизинде жүргүзүлөт.
Чыгармачылыкка байланышкан адистиктерден башка бардык багыттар боюнча сынак ЖРТнын (Кыргызстан), Бирдиктүү мамлекеттик экзамендин (Россия), билими жөнүндө документтин орточо баллынын жана УБТнын (Казакстан) жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт. Университетте өзүнчө сынак алынбайт.
"Архитектура", "архитектуралык чөйрөнүн дизайны", "костюм жана текстиль искусствосу" багыттары боюнча бюджеттик орундарга КРСУнун архитектура факультетинде жума сайын өткөрүлүүчү чыгармачылык сынактын жыйынтыгы менен конкурс өткөрүлөт.

Кыргызстандын бюджеттик орундарына кантип өтүүгө болот?

Гранттык (бюджеттик) орундарга кабыл алуу 2020.edu.gov.kg порталында ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт. ЖРТнын алтын сертификатын алган абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен конкурстан тышкаркы гранттарга кабыл алынат.
Жогорку билими жок кыргызстандыктар 2020.edu.gov.kg сайты аркылуу медициналык адистиктерден башка бардык багыттарга белгиленген босого баллдан жогорку балл алса келишимдик негизде окууга өтүү мүмкүнчүлүгүн алат.
Предметтик тестирлөөнүн жыйынтыгы босого баллдан жогору болгон учурда абитуриенттер негизги жана предметтик тесттин негизинде артыкчылыктуу кабыл алынат.
Медициналык адистиктерге предметтик тесттин (биология жана химия) жыйынтыгы босого баллдан милдеттүү түрдө жогору болушу керек.
Ал эми "архитектура", "архитектуралык чөйрөнү долбоорлоо", "костюм жана текстиль искусствосу" адистиктерине ЖРТнын жыйынтыгы менен контракттык негизде окуу үчүн университетке жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыга электе эле чыгармачылык экзамен тапшыруу керек.
Чет элдик жарандардан ЖРТнын баллы талап кылынбайт. Алар edugate.edu.gov.kg сайты аркылуу тапшырган сынактын жыйынтыгы боюнча студент боло алат.
ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу 2020.edu.gov.kg сайты жана ЖРТнын сертификатынын арткы бетинде жазылгандай, Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген мөөнөттө башталат.
ЖРТнын босого баллынын канча болору тестирлөө бүткөндөн кийин КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет.

Артыкчылыктары

Жеңилдиктерге ээ болуучу абитуриенттердин колунда ЖРТнын жыйынтыгы болушу керек. Университетке кабыл алууда берилүүчү жеңилдиктер жана өзгөчө шарттар тоголок жетимдерге жана ата-энеси таштап кеткен балдарга берилет.
Каттоо учурунда алар ата-энесинин өлгөндүгү тууралуу документ (же ата-энелик укуктан ажыратылган), багып алынгандыгын тастыктаган соттун чечими жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк көрсөтүлөт.
Медициналык экспертизанын корутундусунда ЖОЖдо окууга каршы көрсөтмөсү жок, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга да жеңилдиктер каралган. Электрондук каттоо учурунда абитуриент медициналык аныктамасынын көчүрмөсүн кошо тиркейт.

Окуу жайга керектүү документтер:

1.
Паспорттун көчүрмөсү;
2.
Жалпы орто же орто кесиптик билимин тастыктаган мамлекеттик документ;
3.
3х4 өлчөмүндөгү сүрөттүн электрондук версиясы;
4.
ЖРТнын сертификатынын скан-көчүрмөсү (КРдин жарандары үчүн);
5.
Экзаменди тапшыруунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат (РФтин жарандары үчүн).
6.
Жеңилдиктерди алууга шарты туура келгендердин документтеринин скан-көчүрмөсү;
7.
№086/ж медициналык аныктама талап кылынбайт. Ал эми документтин оригиналын окуу жылынын башталышында университетке көрсөтүү керек.
© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүУниверситет имени Б.Н. Ельцина в Бишкеке
Университет имени Б.Н. Ельцина в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022

КРСУнун факультеттери:

1.
табигый-техникалык;
2.
экономикалык;
3.
юридика;
4.
гуманитардык;
5.
эл аралык мамилелер;
6.
медицина;
7.
архитектура, дизайн жана курулуш (окуу төлөмү сом менен берилет).

Гуманитардык факультет (сырттан окуу бөлүмү жок).

Дареги: Чүй проспектиси, 44. Телефондор: (312) 43-75-03, (995) 50-01-74
Багыттары:
Филология (негизги тест, орус тили жана адабият)
күндүзгү бөлүм – 30 500
Философия (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 30 500
Жарнама жана коомчулук менен байланыш (негизги тест)
күндүзгү бөлүм – 30 500
Психология (негизги тест)
күндүзгү бөлүм – 30 500
Лингвистика (негизги тест, англис тили)
күндүзгү бөлүм – 37 000
Котормо жана котормо таануу (англис тили), (негизги тест, англис тили)
күндүзгү бөлүм – 37 000
Котормо жана котормо бөлүмү (немец тили), (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 37 000

Эл аралык мамилелер факультети

Дареги: Киев көчөсү, 44. Телефондор: (312) 43-11-56, (550) 15-02-17
Багыттары:
Дин таануу (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 42 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Политология (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 42 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Эл аралык мамилелер (негизги тест, англис тили жана тарых)
күндүзгү бөлүм — 50 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Журналистика (негизги тест, англис тили жана тарых)
күндүзгү бөлүм — 42 000
сырттан окуу бөлүмү — 26 000
Котормо жана котормо таануу (кытай тили), (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 50 000

Медициналык факультет

Дареги: Ч. Айтматов проспектиси, 1. Телефондор: (312) 31-60-56, (550) 15-02-45
Багыттары:
Дарылоо иши
күндүзгү бөлүм — 57 000
Педиатрия
күндүзгү бөлүм — 57 000
Стоматология
күндүзгү бөлүм — 65 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Бардык медициналык адистиктерге негизги тест менен бирге химия жана биология сабактарынан экзамен тапшырасыз.
© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүДистанционное обучение
Дистанционное обучение - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022

Табигый-техникалык факультети

Шабдан Баатыр көчөсү, 140. Телефондор: (312) 36-02-08, (550) 15-01-68
Багыттары:
Инфокоммуникациялык технологиялар жана байланыш системалары
күндүзгү бөлүм — 40 000
сырттан окуу бөлүмү — 26 000
Прибор чыгаруу (Приборостроение)
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Прикладдык математика жана информатика
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Программалык инженерия
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Прикладдык механика
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Транспорттук процесстердин технологиясы
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү — 26 000
Транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Электроника жана наноэлектроника
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Электроэнергетика жана электротехника
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Тоо-кен же мунай жана газ өндүрүүнүн физикалык процесстери
күндүзгү бөлүм — 35 000
сырттан окуу бөлүмү жок
Бардык багыттар жана адистиктер негизги тест, физика жана математикадан тапшырат.

Юридикалык факультет (сырттан окуу бөлүмү жок)

Дареги: Чүй проспекти, 42. Телефондор: (312) 68-00-24, (995) 50-01-73
Багыттары:
Юриспруденция (негизги тест, тарых)
Күндүзгү бөлүм — 42 000
Соттук экспертиза (негизги тест)
күндүзгү бөлүм — 40 000

Архитектура, дизайн жана курулуш (сырттан окуу бөлүмү жок)

Дареги: Анкара көчөсү, 2а. Телефондор: (312) 44-96-99, (550) 15-02-71
Багыттары:
Архитектура (негизги тест жана чыгармачылык сынак: сүрөт, черчение)
күндүзгү бөлүм — 42 000
Архитектуралык чөйрөнү долбоорлоо (негизги тест жана чыгармачылык сынак: сүрөт, черчение)
күндүзгү бөлүм — 42 000
Костюм жана текстиль искусствосу (негизги тест жана чыгармачылык сынак: сүрөт, живопись, композиция)
күндүзгү бөлүм — 42 000
Курулуш (негизги тест, физика жана математика)
күндүзгү бөлүм — 29 500
Айлана-чөйрөнү башкаруу жана сууну пайдалануу (негизги тест, физика жана математика)
күндүзгү бөлүм — 29 500
Техносфералык коопсуздук (максаттуу кабыл алуу)

Экономика факультети (сырттан окуу бөлүмү жок)

Дареги: Шабдан баатыр көчөсү, 140. Телефондор: (312) 88-75-16, (550) 15-01-88
Багыттары:
Экономика (негизги тест, математика)
күндүзгү бөлүм — 40 000
Менеджмент (негизги тест, математика)
күндүзгү бөлүм — 40 000
© Sputnik / Акылбек БатырбековДеятельность КРСУ имени Бориса Ельцина
Деятельность КРСУ имени Бориса Ельцина - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.06.2022

Кыргыз-Россия Славян университетинин тарыхы

1992-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосунда өз ара жардам көрсөтүү жана кызматташтык туурасында достук келишими түзүлгөн, анын негизинде Кыргыз-Россия Славян университети ачылган.
1993-жылы 9-сентябрда КРСУга экономика, психология, информатика, менеджмент, юриспруденция, информатика, филология жана физика багытында алгачкы 156 студент кабыл алынган. Бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү Россиянын жана Кыргызстандын дипломун ала алат.
Кыргызстандын орус тилдүү жарандары гуманитардык, табигый-курулуш, экономика жана юридикалык адистиктерди орус тилинде өздөштүрө алышат. Студенттерге мамлекеттик тилди үйрөтүүгө да көңүл бурулуп, университетте башка кафедралар менен катар кыргыз тили кафедрасы да иштейт.
Ушул жылдар аралыгында университетке Россия Федерациясынан тажрыйбалуу педагогдор келди. Алар университеттин илимий-техникалык өнүгүшүнө эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанга салым кошууда.
2004-жылы Кыргызстандын президентинин буйругу менен университет Россиянын биринчи мамлекет башчысы Борис Ельциндин атын алган.
2017-жылдын августунда Кыргызстандын президентинин буйругу менен КРСУ "Достук" ордени менен сыйланган. Бул сыйлык окуу жайга КРдин эгемендик алганына 25 жыл толгонуна байланыштуу өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын көтөрүүгө кошкон салымын эске алуу менен берилген.

Университеттин ийгиликтүү бүтүрүүчүлөрү:

Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору Асел Сартбаева;
Google компаниясынын Сан-Францискодогу (АКШ) кеңсесинин кызматкери Олег Лужнов;
Сиэтл (АКШ) шаарындагы Microsoft компаниясынын башкы менеджери Муса Кожомкулов;
Тула (Россия) шаарынын администрация башчысынын орун басары Николай Вишнев;
Россия Федерациясынын КМШ Парламенттер аралык ассамблея кеңешинин катчылыгынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн кеңешчиси Ольга Подкорытова;
"Лидеры России 2020" конкурсунун суперфиналынын жеңүүчүсү Закир Абдрашитов;
Сун Ятсен университетинин (Кытай) Эл аралык котормо институтунун лингвистикалык изилдөөлөр илимий борборунун жетектөөчү кызматкери Ян Кай;
Барселона (Испания) автономиялык университетинин испан филологиясы кафедрасында лингвистика илимдеринин доктору Екатерина Чернова;
Юридика илимдеринин доктору, профессор, КРСУнун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын башчысы Назгүл Сулайманова;
Европа өлкөлөрү менен Борбор Азия чөлкөмүнүн ортосундагы эл аралык мамилелер тармагынын эксперти Жылдыз Шлекер;
Тарых илимдеринин доктору, КРСУнун орус тили институтунун директорунун орун басары Ольга Сумарокова;
"Кызыл жарым ай" улуттук коомунун социалдык департаментинин жетекчиси Айдай Эрикова;
Норвегиянын Эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери, Россия жана Борбордук Азия изилдөө тобунун мүчөсү Галина Колодзинская;
Экономика илимдеринин доктору, экономикалык теория кафедрасынын профессору Наталья Бровко;
Трир жана Битбург (Германия) шаарларынын ооруканасынын жалпы хирургия бөлүмүнүн врачы Тимур Юсупов;
Россия илимдер академиясынын биомедициналык проблемалар институтунун илимий кызматкери Стефания Федяй;
Нью-Мексико университетинде (АКШ) интенсивдүү терапия боюнча гранттын ээси Айбек Миррахимов;
Калининград областынын (Россия) аймактык клиникалык ооруканасынын бейтапкана башчысы Руслан Турсунов;
Лозанна университетинин ассистенти, Берлин коомдук илимдер борборунун изилдөөчүсү, рынокту изилдөө бөлүмүнүн илимий кызматкери Рустамжон Хакимов.
© Фото / The University of Bath

Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору Асел Сартбаева

Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору Асел Сартбаева - Sputnik Кыргызстан
1/2

Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору Асел Сартбаева

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сиэтл (АКШ) шаарындагы Microsoft компаниясынын башкы менеджери Муса Кожомкулов

Сиэтл (АКШ) шаарындагы Microsoft компаниясынын башкы менеджери Муса Кожомкулов - Sputnik Кыргызстан
2/2

Сиэтл (АКШ) шаарындагы Microsoft компаниясынын башкы менеджери Муса Кожомкулов

1/2

Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомунун мүчөсү, илимдин доктору Асел Сартбаева

2/2

Сиэтл (АКШ) шаарындагы Microsoft компаниясынын башкы менеджери Муса Кожомкулов

КРСУ тууралуу маалымат

Бүгүн КРСУда 7 факультет, 92 кафедра, 1 263 окутуучу, 674 илимдин кандидаты, 189 илимдин доктору, 7 168 күндүзгү бөлүмдүн студенти, 307 сырттан окуу бөлүмүнүн студенти, 440 магистрант, 181 аспирант, 6 докторантуранын студенти, 461 ординатор, 14 окуу корпусу, 43 лаборатория, 6 илим-изилдөө институту, 15 илимий жана билим берүү борбору, юридикалык клиника, медициналык борбор, 25 студия, 7 окуу залы, 200 000ден ашык китеп бар.
1993-жылдан бери Борис Ельцин атындагы КРСУнун ректору болуп Владимир Нифадьев эмгектенет.
Окуу жайдын сайты: www.krsu.edu.kg.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Политехке кантип өтүүгө болот?
Жаңылыктар түрмөгү
0