Бишкекте тротуарларды оңдоодо жана бордюрларды орнотууда жаңы ыкма колдонулат

Муниципалитет жаңы ыкма чыгымды азайтып, ишти тездете турганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Бишкекте тротуарларды оңдоонун жана бордюрларды орнотуунун жаңы ыкмасын иштеп чыгуу пландалып жатат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, асфальт-бетондон жасалган бордюрлар сынамык иретинде Горький көчөсүнүн бир бөлүгүнө орнотулат.
"Жаңы ыкма чыгымды азайтып, ишти тездетет", — деди мэрия.
Мэрия Бишкекке шашылыш түрдө автобус сатып алат